Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Жетимиш жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сүрөтчүсү Өмүров Кубандык Абдыкадырович катуу оорудан улам дүйнө салды.

Өмүров Кубандык 1950- жылы туулган. Ал​ 1977-жылы Фрунзедеги А. Чуйков атындагы көркөм окуу жайынан “скульптор” адистигин аяктаган.

1998-2001- жылдары Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында көркөм-өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2001-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына чакырылып, ушул убакытка чейин сүрөтчү-декоратор, башкы сүрөтчүнүн ассистенти, көркөм-өндүрүш бөлүмүнүн башчысы катары бир катар кызматтарды ийгиликтүү аркалаган.

Кубандык Өмүров бир нече театралдык картиналардын, анын ичинен 2002-жылы театрда коюлган Швейцариялык К. Сечи режиссерлук кылган В.А. Моцарттын “Волшебная флейта” опералык спектаклинин, режисер И. Сартбаевдин “Бременские музыканты”спектаклинин сүрөтчү-коюучусу болуп, ​ эл​ сүймөнчүлүгүнө арзыган. К. Өмүров мамлекеттик деңгээлдеги бир катар иш-чаралардын шөкөттөчүсү катары активдүү катышкан. Ал ​ борбордук аянтта өтүүчү “Нооруз” майрамы (1998), “Эгемендүүлүк күнү” (1999), Москвадагы кыргыз маданият күндөрү (2003), “Ысык- Көл спорт оюндары”, Талас облусунун түзүлүшүнүн 60 жылдыгы жана башкалар.

Ал көркөм-өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган кезинде, П.Вальдгарданын балдар үчүн “Кошкин дом” операсын (2007), А.Глазуновдун ​ «Раймонда» балетин (2008 г.), Дж.Вердинин «Риголетто» операсын (КР эл сүрөтчүсү ​ М.Сыдыкбаев менен биргеликте) 2007, В.Романдын ​ «Жамиля» балетин (2008), И.Морозовдун балдар үчүн «Доктор Айболит» (2009) балетин, ​ Дж.Вердинин опера «Трубадур» операсы (2010) коюлган.

Ал эми, 2009-жылы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук акадеимялык драма театрында К. Өмүровдун жетекчилиги менен “Айкөлдүн аманаты” спектакли коюлуп, коомчулукка кеңири таанылган. Акыркы жылдары ал ишмердүүлүгүн эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга сынаган.

Кубандык Өмүровдун көркөм коюучулугу менен “Түрксой” эл аралык уюмунун он беш жылдыгына карата Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Россиянын түрк тилдүү республикаларынын аткаруучулары катышкан ​ У. Гаджибековдун “Көр Оглу” операсынын эл аралык премьерасы Алматы (Казакстан), Баку (Азербайжан) жана Анкара (Түркия) шаараларында көргөзүлүп, чоң ийгиликтерди жарата алган.

Ошондой эле 2015 –жылы Б. Минжилкиев атындагы экинчи эл аралык опера фестивалынын көркөм коюучусу (2015), Б. Бейшеналиева атындагы үчүнчү жана төртүнчү эл аралык балет искусствосунун фестивалынын (2014) жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Жумахматовдун 80 жылдыгына карата эл аралык музыка фестивалдары (2003) өткөрүлгөн.

Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү ишмер Кубандык Өмүровдун элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.К. Жаманкулов, К.О. Иманалиев, К.Ы. Турапов, К. Сартбаева, Д. Жалгасынова, Р.Н. Чокоева, К.Орузбаев, Ж.К. Каниметов, А.А.Нуртазин, М Шарафитдинов, Н.У. Полотов, К.Тиленчиев, М.С. Шаршенбаев, З.М. Сооронбаев, М.М.Мамбетакунов, Б.С. Тилегенов, Ж.О Кулманбетов, И.К. Сартбаев, И.М.Мамбетов, Т.К. Сманбеков, Т.Усубалиев, Ю.Нурматов, Б.А.Жунушев ж.б.