Россиянын Башкортостан Республикасынан келген дарыгерлердин бир тобу Ош шаарына барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аларды «Ош» эл аралык аэропортунан Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарам укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алышты.

«Ошко келген 16 дарыгер Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешет. Мындан тышкары, Москвадан 2 вирусолог да кошо келишти», — деп айтылат мэриянын маалыматында.