Кыргызстанда коронавирус менен ооруп, бирок расмий статистикага кирбей калгандар канча адам экенин аныктоо иши башталды. Бул тууралуу 24-июлда «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик лабораторияларга кайрылгандардын иммуноферменттик анализинин жыйынтыгы чогултулуп, такталып, оору канчалык тараганы изилденет.

Акматова билдиргендей, азыр ооругандардын жалпы саны 30 миңдин тегерегинде. Бул өлкө калкынын 0,5 пайызы:

«Коронавирустун лабораториялык жол менен жана клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган учурлары жалпы калктын 0,5 процентин түзөт. Белгилери байкалбай ооруп жаткандар да бар экени баарыбызга белгилүү. Алар өзүн жакшы сезгендиктен медицина кызматкерлерине кайрылган жок. Калктын канчасы ооруду же ооруп, антителолор иштелип чыкканын билиш үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен бирге ошондой изилдөөлөр жүргүзүлө баштады».

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус  экенин айтууда. Бирок министрликтин расмий статистикасына, адатта, ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 24-июлга карата бул инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.