Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, малинадан жасалган кыям азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат. Келген жардам саламаттыкты сактоо тармагынын Ош шаардык жана облустук координаторлоруна тапшырылды.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Кадамжай» жардам штабынын координаторлору Венера Узбекова менен Айтмат Азамжан уулун кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Айтмат Азамжан уулунун айтымында, малина кыямы Бишкек шаарындагы дарыгерлерге да жөнөтүлөт.

«Кыйын кырдаалда Кадамжай районунун жашоочулары да ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Бишкек жана Ош шаарында абал оор болуп, дарыгерлер бир топ түйшүк тартышууда. Бул абалды көрүп, район тургандары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медицина кызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп болуп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет. Жарым тонна кыямды Оштогу дарыгерлерге алып келдик. Жакынкы күндөрдө Бишкек шаарындагы медицина кызматкерлерине жөнөтөбүз. Биз дарыгерлерди ар тараптуу колдогубуз келет”, — деди Айтмат Азамжан уулу.