АКШнын THAAD ракетага каршы коргонуу комплекси узак убакыт боюу дүйнө жүзүндөгү эң мыкты курал болуп эсептелип келген. Бирок, россиялык С-500 «Прометей» зениттик-ракеталык комплекстеринин пайда болуусу менен америкалык бул системанын кадыры түштү деп жазат Sina кытайлык басылмасы.

Автордун айтуусунда ТHAAD 500 метр аралыктагы бутага 2,5 секундда жетүүчү 10 ракета менен, ошондой эле издөөнүн борттук системасы эки моделдеги AN/TPY-2 радарлары ж.б. менен камсыздалган. Мунун бардыгы, албетте THAAD системасынын уникалдуулугунан кабар берген менен россиялык С-500 аба-космостук коргонуу системсынын жаңы мууну болуп саналат. Башкача айтканда жылдын аягына чейин даяр болуучу бул заманбап комплекстин пайда болуусу THAAD системасынын кадырын кетирет.

Белгилей кетчү нерсе, «Прометей» жер айланасындагы мейкиндиктеги гипердобуштуу куралдарды, ошондой эле кичиорбиталдык спутниктерди жана космостук сокку уруучу каражаттарды жок кылууга жөндөмдүү.