Бишкек шаарындагы Борбордук мечитдарыгерлерди колдоо максатында жалпысынан 582 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-июлга карата Борбордук мечиттин атынан жалпы өлкө аймагындагы дарыгерлерди колдоо максатында 582 000 сомдук акчалай,  дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттар таратылып берилди.

Кайрымдуулук жардамы Бишкек шаарындагы ооруканаларда кызмат өтөгөн дарыгерлерге жана бир бөлүгү Баткен облусуна жиберилген.

“Учурда эл-журттун саламаттыгы үчүн кызмат кылып жаткан дарыгерлерибизди колдоо максатында акчалай жарадам жана аларга коргоочу каражаттарды алып бердик. Жардамдын бир бөлүгү Баткен облусунун ооруканаларына жиберилди. Буюрса бул илдетти баарыбыз биргеликте жеңип чыгабыз, — деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Сталбек ажы Акматов.