Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Айнура Кутманова «Дарыгерге сөз» берүүсүндө каза болгон адамдан COVID-19 вирусун жуктуруп алса болобу деген суроого жооп берди.

«Жок, анткени вирус тирүү организмде жашайт. Бирок бул жерде суроону бир беткей айтууга болбойт. Эгерде бейтапта өпкө шишиги болсо өпкөдөн суюктук агат. Бул суюктук менен байланышта болсоңуз вирус жуктуруп алуу коркунучу бар. Бардык нерседе этият болуу керек», — деп жооп берди.