Россия менен Түштүк Корея кийинки жумадан тарта жүргүнчүлөр үчүн аба каттамын жандантышы ыктымал. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

Ага ылайык, жүргүнчүлөр Москва менен Сеулдун ортосундагы аба каттам 1-августтан тарта иштей баштайт деп күтүп жатышат. Алгач жумасына каттам бир жолу уюштурулса, кийин эпидемиологиялык кырдаалды эске алып улам көбөйөрү айтылды.

Маалым болгондой, Түштүк Корея коронавирус пандемиясынан улам чек арасын жапкан эмес. Бирок аба каттамдардын санын башка өлкөлөрдөгү чектөөлөрдөн улам кыйла азайткан.

Ал эми Россия 27-марттан баштап эл аралык аба каттамдын бардык түрүн токтоткон.

24-июлда Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 1-августтан тарта эл аралык аба каттамдар жандана турганын жар салган. Алар Москва, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону шаарларында жана Москва облусунда уюштурула турганы айтылды.