Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров №47 колонияда көз жумду. Бул тууралуу анын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирди.

Мекемеге аны медициналык кароодон өткөрүү үчүн Тез жардам унаасы менен алып келишкен. Буга чейин анын адвокаты камактагы адамдын ден-соолугу начарлап кеткенин билдирген.

Аскаровдун жакындарынын айтымында, ал бүгүн, 25-июлда бир нече саат мурда каза болду. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча бул маалымат тууралуу үн ката элек. Өлүмдүн себеби азырынча белгисиз. 

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана адам укуктары менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ал башаламандыкты уюштурган жана милиция кызматкеринин өлүмүнө катышкан деген шек менен кармалган. Бардык инстанциялардагы соттордун чечими боюнча ал 2010-жылдын июнь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кароого чакырган. Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2017-жылдын 24-январындагы чечим менен өмүр бою абак жазасына кесилген.

2020-жылы 13-майда Кыргызстандын Жогорку Сотунда адвокаттардын кассациялык даттануусу боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген Жогорку Соттун сот коллегиясы төмөнкү инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырган.