15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде айткан.

Президенттин айтымында, сырткы карыздарды төлөө убактысын жылдыруу багытында пандемияга чейин сүйлөшүүлөр болуп келген. Азырда ал маселелер чечилип жатат.

“Буга чейин алынган карыздарды, биз — мамлекет, төлөшүбүз керек. Мына буга чейин 5 жыл, 10 жыл мурун, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Кээ бирлери 5 жылдык мөөнөт менен алынган оор кредиттердин төлөө мөөнөтү дагы келип калды. Мөөнөтүн узартуу боюнча тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Биздин өнөктөштөр азыркы кырдаалды туура түшүнүп, Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти. Мен өзүм бардык финансы институттары менен, тиешелүү мамлекет жетекчилери менен телефон аркылуу февраль айында сүйлөшө баштагам. Анын жыйынтыктары болуп жатат.

Мисал катары айтсам, июнь айында Париж клубунун кредиторлоруна тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү Меморандумга кол коюлду.

Андан тышкары, Кытай тарап менен, Париж клубунун мүчөлөрү — Германия, Франция, Дания, Корея, Япония менен, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жетиштик. Аларга да рахмат, туура түшүнүп, муну дагы колдоп беришти”, — деген мамлекет башчысы.