Бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип жатып  “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамы Кыргызстанга керек экенин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, жалган маалыматка каршы мыйзам сөзсүз болушу керек. Айрым өнүккөн мамлекеттер да фейк маалыматка каршы күрөшүүдө. Мыйзамдарды кабыл алышууда. Бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө да көтөрүлүп жатат. Бирок мыйзамды дагы бышыруу үчүн конституциялык укугуна таянып, бул мыйзамды кайра кайтарат.

“Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем.

Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк.

Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды.

Бул мыйзам канчалык терең талкуудан өттү, ал канчалык бышып жетилген мыйзам болду, бул башка маселе.

Бирок, түпкүрүндө мен ушул мыйзамды демилгелеп чыккандардын жана ал мыйзамды колдоп жаткандардын негизги философиясын — жалган маалыматка каршы күрөш керек экендигин колдойм.

Мага бир топ кайрылуулар келип түштү.

Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюумду өтүнгөн, мыйзамга вето коюмду өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөөлөрү менен тааныштым.

Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок, аны дагы бышырыш керек. Ошондуктан, конституциялык укугума таянып, бул мыйзамды кайра кайтарам.

Бирок, бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм.

Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек.

Мурда да айткам, азыр да айттым. Биздин коом ачык. Ким болбосун, социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар. Менин президенттик тажрыйбамда мындай мисалдар абдан көп. Андай кайрылуулар аркылуу айрым жарандарга жардам берилди, айрымдар кызматына кайтып келди, же тескеричисинче бирөөлөрдүн арызынын негизинде кызматынан алынды.

Бирок, ал маалыматтарды фейктер эмес, өз жүзүн жашырбай эле биздин жарандар айтып жатты, азыр да айтууда. Мындан эч коркунуч жок. Эгерде, кимдир бирөөнүн адамдык абийирине шек келтирбесе, тескери чакырыктар болбосо, ал тескерисинче мамлекеттик органдарга, мага жардам.

Эмне үчүн дегенде, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлүү проблемаларды айтып, чагылдырып турса, мен деле бул жерде баарын биле бербейм да, ошондуктан мен да билип, ишимди жылдырганга, элдин мамлекеттик бийликке ишенимин алып келгенге чоң жардам. Мен буга кызыкдармын. Маселени ачык айтып, жүзүн жашырбай, туура жеткиргенди колдойм.

Бирок, биздин жарандарыбыздын укугун тебелеген, ден соолугуна зыян келтирген, адамдык абийирине шек келтирген жалган маалыматтарга каршы мыйзам болуусу керек. Бул биздин Кыргызстан сыяктуу адам укугун сыйлаган мамлекетте кадимкидей көрүнүш болуусу керек», — деген президент.