Россиялык мушкер Магомед Исмаилов мекендеши Александр Емельяненкону утуп алгандыгы өзгөчө көрүнүш деп эсептейт.

«Биз, эркектер, ар дайым жаңы бир нерселерди башыбыздан өткөрүп турушубуз керек. Албетте, анын бардыгы эле жемиштүү боло бербейт. Кандай-андай болгон күндө да ага айрыкча кейип-кепчий берүүнүн кереги жок. Мен, албетте Александрга көптөн бери көңүл буруп келем. Ал өзгөчө мушкер, ошол себептүү мен үчүн бул жеңиш өзгөчө десем жаңылышпайм»,- деген Исмаилов журналисттерге берген маегинде.

Белгилей кетсек, бул эки спортчунун беттеши Absolute Championship Akhmat турниринин чегинде кечээ, тагыраак айтканда жума күнү Сочи шаарында өтүп, анда Исмаилов Емельяненкону үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алган.