Саясат

Президент: 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм

30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маалымат берип жатып билдирди.

Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды.

30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буйруса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы. Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Маркумдардын бейиши болсун дейм. Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун”, — дегенөлкө башчы.



Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button