«Ыктыярчылардын болушу — бул ошол коомдун зиректиги, бирок биздин өлкөдө бул стихиялуу болууда. Ыктыярчылардын макамын мыйзам менен бекитүү керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы ыктыярчылар менен болгон жолугушуудан алган таасирлери тууралуу айтып, өлкөдөгү ыктыярчылар кыймылынын мүмкүнчүлүктөрүн баалады.

Президент эл башына кыйынчылык түшкөн кырдаалда ыктыярчылар кыймылы ар дайым жанданарын айтып, Ош коогалаңын жана Дача-СУ трагедиясын эске салды.

«Азыр дагы кыйынчылыкта эл биригүүдө. Бул табигый көрүнүш. Кылып жаткан ишин жарыялаганы бар, унчукпай, билгизбей, көргөзбөй жасаганы бар. Ыктыярчылар — чоң күчкө айланды. Муну реалдуу көрүп турабыз баарыбыз. Айрыкча пандемия мезгилинде», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бирок, Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстандагы ыктыярчылар кыймылы азырынча стихиялуу болууда.

«Учурда мамлекеттик бийликти сындоо курчуп турган мезгил. Ошондуктан, мүмкүн ыктыярчылар кыймылын да мамлекеттик органдардын чабалдыгы деп жатышкандыр. Ооба, мен айтам, мамлекеттик органдар идеалдуу иштеген жок, кемчиликтер, оңдой турган жерлери көп. Бирок, бул көрүнүшкө позитивдүү нукта карайм. Мен мурда да айткам, азыр да кайталайм. Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны мисал кылып, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө ушундай кыйынчылык учурларда гана эмес, жай турмуш күндөрү да ыктыярчылар активдүү иштегенин, табиятты тазалап, таштанды терип, кары-картаңдарды багышып, жаныбарларга көз салышарын сөздөрүндө белгилеп өттү.

«Айтор, турмуштун бардык катмарына таасирин тийгизген ыктыярчылардын болушу — бул ошол коомдун зиректиги. Бизде деле азыр өлкөдөн сырттагы мекендештерибиз дагы өз жардамдарын аябай, жакындарына, айылына, районуна, мекемелерге жардам берип атышат. Мен жана айткандай, бизде бул стихиялуу болууда», — деп белгиледи Президент.

Жолугушуу учурунда анын катышуучулары ыктыярчылардын макамын мыйзам алкагында аныктоону өтүнүшкөнүн айтты.

«Келечекте парламент ушул багытта иштесе жакшы болот деп ойлойм. Бул туура коюлган маселе. Мен дагы колдойм. Муну бир нормативдик документ менен жолго салышыбыз керек. Бул бүгүнкү күндүн реалдуулугу. Мамлекеттик бийлик мына ушундай пайдалуу күчкө, кыймылга таянып, көп ишти алдыга жылдырса болот. Аны бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Болгону, туура багыт берип, координациялоо иштерин жакшыртышыбыз керек. Ал тууралуу өкмөткө, республикалык штабга сунуштарды айттым. Азыр бул боюнча иш жүрүп жатат», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.