Кайсы бир банкетте ырдаганы үчүн Алла Пугачёва 400 миң евро алгандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу «РУ-КОНЦЕРТ» компаниясынын промоутери жана генералдык директору Евгений Морозов билдирген.

Орточо эсеп менен алганда Пугачёванын майрамдарда номур аткаруусу 300-350 миң еврону түзөт.

Промоутердин айтуусу боюнча пандемиядан улам учурда Алла Пугачёва корпоративдерге чыгып ырдаганын убактылуу токтоткон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде атактуу ырчы өзүнүн 71 жылдык мааракесин белгилеген.