CNN телеканалы жүргүзгөн сурамжылоолорго ылайык АКШ Демократиялык партиясынан президенттикке өз талапкерлигин койгон Жо Байден негизги үч штат боюнча өлкө башчысы Дональд Трамтан алдыда келе жатат.

Мисалы, Аризонда Байденди респонденттердин 49%, Флоридада 51%, ошондой эле Мичиганда 52 пайызы колдой тургандыктарын билдиришкен. 2016-жылы өткөн президенттик шайлоолордо Дональд Трамп аталган штаттардын үчөөндө тең ишенимдүү түрдө жеңишке жетишкен.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоолор 2020-жылдын 3-ноябрында өтөт.