Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алуу жараяны аралыктан жүрүп жаткандыктан абитуриенттер документтеринин түп нускасын кийин, окуу жылы башталганда тапшырат. Бул тууралуу 27-июлда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт.

Мындай эреже Кыргыз-Түрк “Манас” жана Кыргыз-Орус Славян университеттери үчүн милдеттүү эмес. Бул окуу жайлардагы гранттык орундарды Түркиянын жана Орусиянын өкмөттөрү каржылайт жана кабыл алуу шарттарын өз алдынча аныкташат.

Кошумча сынак талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча гана кирүү экзамендери адаттагыдай шартта уюштурулат. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, кошумча сынак өткөргөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө камсыздап бериши зарыл.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу онлайн форматта өтүүдө. Бул үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелипп чыккан. ​www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлары, факультеттер, адистиктер киргизилген.