27-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Чүй облусунда – 3
• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 7
• Баткен облусунда – 4
• Нарын облусунда – 1

Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.