ЛДПР лидери Владимир Жириновский Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын буга чейин музей катары белгилүү Ыйык София соборун мечитке айландырып салгандыгына нааразы болуу менен аны кайрадан православ христиандарына кайтарып берүүнү талап кылды.

Мындан сырткары, радиого берген маегинде Жириновский анча болду Стамбулду Константинополь деп кайра атоого чакырып, Россиядан агылып барып жаткан туристтер Түркияга ого эле көп өлчөмдө киреше алып келип жаткандыгын Эрдогандын эсине салгандай болду.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мамлекеттик кеңеши буга чейин Ыйык София соборун мечитке айландыруу жөнүндө чечим кабыл алгандыгына байланыштуу Стамбул шаарындагы Айя-София мечитинде намаз жыгылуу 24-июлдан тартып башталып, ага Түркия президенти Эрдогандын өзү барып катышкан.