Күздө өтө турган парламенттик шайлоого партиялар арасында даярдыктар азыртан эле башталды. Ич ара соодалашуу, добуш сатып алуу, абройлуу адамдарды партияга киргизүү аракети кызуу жүрүп жаткан убагы.

Журналист Болот Абдыжапаров бул жолку парламенттика шайлоодо депутаттык кресло 500 миң долларга бааланып жатканын жазып чыкты.

«Соодалашуулар кызуу жүрүп жатат. Маалыматтарда бир депутаттык мандаттын баасы 300 000 $ дан, 500 000 $ га чейин кетип жатат дешүүдө. Ошону берип талапкер болгондор, кайра салган акчасын каяктан чыгарат деп ойлойсуңар?»,-деди Абдыжапаров.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоого 44 партия катышат.

1.    «Ата-Мекен»
2.    «Мекенчил»
3.    «Бирик»
4.    «Мекен Ынтымагы»
5.     «ОРДО»
6.     «Бийлик элге» (Власть народу)
7.    «Чоң Казат»
8.    «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы»
9.    «Эл биримдиги»
10.   «Ооганстан согушунун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы»
11.    «Актив»
12.    «Кыргызстандын жумушчуларынын партиясы»
13.    «Республика»
14.    «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
15.    «Бир Бол»
16.    «Демократ»
17.    «Улуу журт»
18.    «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
19.    «Эмгек партиясы»
20.    «Социал-демократтар»
21.    «Бүтүн Кыргызстан»
22.    “Таза Коом”
23.    “Ар-Намыс”
24.    “Кыргызстан”
25.    “Ыйман Нуру”
26.    “Ак Калпак”
27.    “Мекеним Кыргызстан”
28.    “Адам-Демократ”
29.    “Жаратман Эл”
30.     “Биримдик”
31.    “Реформа”
32.    Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы
33.     “Эл үнү”
34.    “Улуу Кыргыстан”
35.    КСДП
36.    “Тартип-Порядок”
37.    “Замандаш”
38.    “Кыргызстандын патриотттору»
39.    “Элдик көзөмөл”
40.    “Бүткүл жаштар саясий партиясы”
41.    “КУТ”
42.     “НУР”
43.    “Өнүгүү Кыргызстан”
44.    “Билим Илим Ордосу”