Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун I турунда «Абитуриент Онлайн» системасына 30 миң 173 талон келип түштү. Бюджеттик орунга- 12 миң 121, акы төлөп окууга —  18 миң 52 талон тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, системадагы 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 миң 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. Анын ичинен 10 миң 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады. Анын 2301и бюджеттик орундарда, 8626сы келишимдик негизде билим ала алат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

«Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат, окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат», — деп берилет маалыматта.

ЖОЖдорго кабыл алуунун өтүнмөлөрүн тапшыруунун II туру 27-29-июлда саат 14:00гө чейин, ал эми III туру 3-5-августта саат 14:00гө чейин болот.

Эске сала кетсек, ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.