Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн аймагында жакынкы бир саат аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн. Эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июлда таратты.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө. ӨКМ жашоочуларды сак болууга чакырат.