Таласта күндүзгү стационарларда ооруган бейтаптардын саны азайып жатат. Дарыканаларда дары-дармектер улам келип түшүүдө, бул жаатта көйгөйлөр жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында облуста COVID-19 илдети менен күрөшүүдө болгон күч-аракеттер жумшалууда.

Апрель айынан тартып медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөөлөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Ал эми талаа иштеринде эгиндерди ооруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.