Кытай расмий түрдө АКШнын Чэндудагы башконсулдугун жапты. Бул тууралуу КЭР Ички иштер министрлиги билдирген. Чэндудагы америкалык дипмиссия 1985-жылы ачылган жана ал Сычуань, Юньанань, Гуйчжоу, Тибет автономдук району менен бирге өлкөнүн түштүк-батыш аймагындагы маселелер боюнча иш алып барып келген.

Жыйырма биринчи июль күнү АКШ интеллектуалдык менчикти жана америкалыктардын жеке маалыматтарынын корголушун камсыз кылуу зарылчылыгы келип чыккандыгын, буга ылайык Хьюстон шаарындагы кытай башконсулдугун жаап салган күндүн эртеси КЭР ИИМ Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугун жабуу жана мекеменин лицензиясын чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алгандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, АКШ менен Кытай ортосундагы мамиле кийинки учурларда кескин начарлап кеткен. Тараптардын экөө тең бири-бирине экономикалык дооматтарды жылдырууда. Мындан сырткары, америкалык администрация жаңы коронавирус менен болгон кырдаал жөнүндө маалыматты өз учурунда айткан эмес деп КЭРге кине коюп келүүдө.