Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 26-июлда 83 жашында дүйнө салды.

Маркумдун жакындары ал сегиз айдан бери инсульттан улам төшөктө жатканын билдиришти.

Садыр Назаров 1937-жылы Токтогул районунун Кара-Суу айылында туулган. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп иштеген.

1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги “Туңгуч” театрын жетектеп келген.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев баштаган коомдук-саясий, маданий ишмерлер кол койгон некрологдо:

“Тунгуч” театрынын тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африка мамлекеттерине чейин таанылышына Садыр Назаровдун кошкон салымы зор”, — деп белгиленген.