Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана алардын ден соолугуна кам көрүү максатында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылууда.

Атап айтсак, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кире беришине дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду. Туннелдерди орнотуунун максаты милиция кызматкерлеринин коронавирус илдетин жуктуруп алуусунун, оорунун таралуусунун алдын алуу жана санитардык эрежелерге ылайык коюлду. Милиция бөлүмдөрүнө кирген ар бир кызматкер жана атуулдар бул жай аркылуу өткөрүлөт.

 Эл менен тыгыз иш барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине кам көрүү максатында алдыда башка ШРИИБдерге дагы дезинфекциялоочу туннелдерди орнотуу иштери улантылат.