Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Сима Садат Ларинин билдирүүсү боюнча Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 16 миңге чукулдады. IRINN телеканалына берген маегинде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү соңку сутка ичинде коронавирус менен байланышкан 2434 жаңы учур катталып, 212 адамдын каза болгондугу аныкталган.

Өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекция катталгандан бери, тагыраак айтканда 19-февралдан тартып аталган илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 293 606 адамга, каза болгондордун саны 15 912 адамга жеткен.

Июль айынан тартып Иран коронавирустан каза болгондор боюнча төрт ирет антирекорд жарыялаган. Учурдагы максималдуу көрсөткүч суткасына 229 адам жана ал 21-июль күнү катталган.

Белгилей кетчү нерсе, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап кеткендигине байланыштуу Иран бийлиги 5-июлдан тартып сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрүүнү милдеттүү эреже катары киргизген.