Бүгүн, 27-июлда Кыргызстанга Турция Республикасынан 165 КР жараны кайтып келди. Биздин жарандар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Турциядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Турциянын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Бул каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.