26-июлга карата КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун берген маалыматы боюнча учурда Ош облусунда жалпысынан 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын кору бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Кара-Суу районунда 29 жерде 1087 орундуу күндүзгү стационарлар жана 5 жерде 173 орундуу изолятордук дарылоо мекемелери иш алып барышууда.

Эске салсак, ушул жылдын 20-июлуна карата Ош облусунда 5700 керебеттуу 300гө жакын күндүзгү стационардык мекемелер ачылган.