Коом

Муфтият: Курман айт намазы окулбайт

Муфтият быйылкы жылдын Курман айт намазы окулбай турганын маалымдады.

Урматтуу момун мусулман бир туугандар, мекендештер! Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 31-июлундагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз.

Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button