“Азаттык” радиосу 1953-жылы түптөлүп, Кыргызстанда 1990-91-жылдардан баштап иштеп баштаган. Азаттыктын угармандары, деңгээли, салмагы бар радио.

Дайым курч материалдарды берип келет. Жашоонун агымына ылайык бүгүнкү күндө социалдык тармактарда баракчалары да бар.

Ошол соцтармактардын бири Инстаграмда Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу жаңылыктарды байма-бай берип келүүдө. Бир эмес бир нече жолу материалдар жарык көргөнүн баамдаса болот. Эми кызыгы, эмне себептен А.Аскаров боюнча чыккан жаңылыктарда пикир калтыруу мүмкүнчүлүгүн чектеп, тагыраагы “өчүрүп” коюшкан. Эмнеден коркушууда? Же кыргыздардын жоон катмары пикирлерин жазып, кыргыздын душманын даңазалап жаткан “Азаттыкты” тепкиге алат деп чочулаштыбы? Каргыш сөз угуудан коркуштубу? Тээ токсонунчу жылдан бери топтогон кадыр-баркын бир “сепаратистен” төмөн койдубу? А.Аскаровдун сепаратист, бузуку, кыргыздын биринчи душманы экенин “Азаттык” билбейби? Балким, ошолорду билип туруп, алдын ала пикир калтыруу мүмкүнчүлүгүн чектөөнү туура көрүшкөндүр.

Сөз эркиндиги деп сайрап келген Азаттык, А.Аскаровго келгенде неге эркиндикти унутуп коюшту? Демек, океандын ары жагынан буйрук келген. Бейөкмөтчү Азиза Абдирасулованын “ишенгиси келбей, шолоктоп ыйлаганы” эле жылаандын башынын кылтыйганынан кабар берген.

Бир сепаратист эмес азыр кыргыз эли канчалаган уул-кыздарынан ажырады. Көптөгөн мусулмандардын жүрөгүнөн орун алган аалым Чубак Ажы дүйнө салды. Мына, кабыргаңды кайыштырган, боздоп ыйлай турган абал ушул.

Баса, “Сооронбай Жээнбековдун ютуб каналындагы пикир калтыруу бөлүкчөсүн эмнеге өчүрүп койгон, сөз эркиндиги кайда”, — деп чыккандардын сап башында ушул “Азаттык” турбадыбы беле. Фейктер менен күрөшүү мыйзамы каралып атканда дал ушул “Азаттык” сөз эркиндигине болгон кысым деп атпады беле.

Кыргыздын душманын эми баамдап ал, өлкөдө башаламандык кылууга кимдер кызыктар экенин билип ал. Эми мындан аркысына кыргыз эли бааны өзүлөрү берип алышар.

Орустардын “есть вещи, которые не продаются и не покупаются” деген таамай айтылган сөзү бар. Андыктан кыргыздын намысы, каны менен ойногонду токтоткула. Оюндан от чыгып кете элегинде эсиңерге келгиле! Али кеч эмес…