Бүгүн, 27-июлда жеке ишкер, бир катар кайрымдуулук иштерин уюштуруп келген Каныбек Туманбаевдин апасы Аккозова Алтынкуль Ынтымак кызы 66 жаш курагында дүйнө салды.

«Kadam-Media» медиа сайтынын эмгек жамааты Каныбек Туманбаевдин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жараткан Алла Таалам Алтынкуль эжени өз рахматына алып, бардык жасаган иштерин кабыл кылып, арты кайрылуу болсун! «Бул жашоодо ар бир жан өлүм даамын татат» деп хадистерде айтылгандай, эженин топурагы торкулуу болсун! Бейиш төрүнөн насип этсин!