Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча Бразилияда акыркы сутка ичинде 23 миң адам COVID-19 илдетин жуктуруп алса, 600дөн ашык адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Бүгүнкү күнгө карата аталган илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 442 375 адамды түзсө, алардын ичинен бардыгы болуп 87 618 адам каза болгон.

Эске сала кетсек, Бразлия коронавирус илдетине чалдыккандардын саны боюнча Түштүк жана Түндүк Америкадан кийинки эле экинчи орунду ээлейт.