Торонтодогу Фонддук биржада өткөн тоорукта канадалык алтын казуучу Centerra Gold Inc компаниясынын акцияларынын баасы 3.48%га кымабаттаган.

Тоорук сессиясынын аягында бир акциянын баасы 12.47 (12.88 CAD, +0.52999946 CAD) долларды түзгөн. Кечээ күнү өткөрүлгөн тооруктардын жалпы көлөмү 852 470 акцияны түзгөн.
Ал эми күн ичинде Centerra акциялары 12.18ден 12.54 долларга чейинки баада сатылган.

Өткөн тооруктардын жыйынтыгында Кыргызстандын Centerra Gold компаниясындагы акцияларынын пакети 964 948 782 АКШ долларына чейин кымбаттаган.
Белгилей кетсек, Centerra Gold компаниясынын акциялары дүйнөлүк ири кен казуучу компаниялардын Торонто биржасындагы индексинин S&P/TSX Global Gold Index өсүүсүнө байланыштуу кымбаттаган. Кечее күнү S&P/TSX Global Gold Index 4.38 пайызга өсүп, 302.36 АКШ долларына чейин жеткен.
• Centerra Gold Inc. – канадалык алтын казуучу компания. Кыргызстандагы (Кумтөр) жана Монголияладагы (Бороо) алтын кендерин иштетет.
• Centerra Gold компаниясынын ири акционери болуп «Кыргызалтын» ААКсы саналат (28.8%), ал эми анын акциялары толугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык.