Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аныкталды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып Россия Федерациясынын аймагында издөөдө жүргөн жарандарды кармоо боюнча иштерди улантып жатат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Москванын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын жараны, Баткен облусунун 1970-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну болуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (ири көлөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Баткен шаардык ИИБ тарабынан издөөдө жүргөн.

Жогоруда аты аталган жаранды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен биргеликте “Москва-Бишкек” каттамы боюнча жөнөтүү маселелери чечилген.
Азыркы учурда жаран К.Д. издөө алган тарапка өткөрүлүп берилди.

ИИМдин басма сөз кызматы