Борбордук телеграфтык агенттиктин билдирүүсү боюнча Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «Ядролук курал КУДРдын бакубат жашоосуна шарт түзүп, улуттук коопсуздугун камсыз кылат»-деп эсептейт.

1950-53-жылдардагы Корея согушунун аяктагандыгынын 67 жылдык мааракесине арналган Жалпы республикалык ардагерлердин слётунда сүйлөп жатып Ким Чен Ын: -«Колубузда турган натыйжалуу күчтөрдөн улам мына бул жерде экинчи ирет согуш болбойт, улуттук коопсуздук менен келечек турмуш мындан ары эч кимди беймаза кылбайт», — деп билдирген.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея мындан 15 жыл илгери эле ядролук куралга ээ экендигин жар салган. Эксперттердин айтуусу боюнча бүгүн Корея АКШ территориясына баса жыгылчу кубаттуу ракеталарга ээ.