Окуу жылынын башталышына байланыштуу варианттарды иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев КТРКнын эфиринде айтты.

Анын айтымында, варианттардын бири – дистанттык, учурда видеосабактар тартылып жатат.

Ал эпидемиологиялык кырдаалга жараша боло турган башка варианттар да каралып жатканын белгиледи.

«Биз болжолдуу түрдө сунуштап жаткан 3 вариант бар. Биринчиси – башталгыч 1-4-класстар, 9 класстар жана 11-класстар окуп баштайт. Эмне үчүн? 1-класстын окуучусу мектепке келип, мугалим ким экенин, парта эмне экенин сезсин. Мугалимдер өз ишин баштасын. Бул А варианты.

Б варианты: 1-класстар арасында график түзөбүз. Жумасына 2 жолу балдар мектепке барышат. Бир класста 40 окуучу болсо, алардын теңи келип, партага бирден отурушат. Аралык сакталат. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү окуса, калгандары үйдөн тапшырма алышат. WhatsApp аркылуу ата-энелерге консультация берилет. Окуучулардын калган бөлүгү шаршемби, бейшемби күндөрү келишет. Жума күнү мугалимдерге кошумча методикалык күн берилет. Мугалим апталык иш жүктөмүн иштеп бүтүп, мыйзамдуу эмгек акысын алат, санитардык нормалар сакталат, окуучу мектепти сезет.

9-класстарда жыйынтык чыгат, бул негизги кепилдик билим. Биз мамлекеттик үлгүдөгү канча документ катталганын билишибиз керек. 11-класс – бүтүрүүчүлөр», — деди Усеналиев.

Анын айтымында, окумуштуулар экинчи вариантты сунуш кылууда: 1-класстар менен 11-класстар окуганы мектепке барышат. «Ошондой эле үчүнчү жана төртүнчү варианттар бар», — деди ал.