Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.

Тизмеге 210 ЖМК жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма.

Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланат.
Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.