«

Эл аралык Kidz Global изилдөө агенттиги берген маалыматка ылайык кичинекей балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон дүйнө жүзүндөгү беш оюн-зоок бренддердин катарында россиялык «Маша жана Аюу» мультсериалы дагы бар.

Animaccord компаниясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда оюн-зоок бренддерин талдоо иштери 2020-жылдын апрель айында өтүп, ага дүйнө жүзүндөгү 43 өлкөнүн респонденттери катышкан.

Белгилей кетсек, «Маша жана Аюу» дүйнөнүн 39 тилине которулган жана орус, англис, испан жана португал тилдериндеги YouTube каналдардын ар биринде 10 миллиондон ашык катталуучулары бар.