Бүгүн 28-июлда Екатеринбургдан Бишкекке «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 191 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.

Бул каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Бул каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Курган, Сургут, Ханты-Мансийск, Салехард, Ноябрьск, Жаңы Уренгой жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Авиатраффик» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.