Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, отставкадагы судья Акылбек Маткеримов 79 жашында көз жумду. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маткеримов Акылбек Маткеримович 1941-жылы 23-августта Чүй районундагы Жаңы-Турмуш айылында туулган. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция бөлүмүн окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун ушул эле жылы Сокулук районунда жактоочу болуу менен баштаган. Ал эми 1971-жылдан тарта сот органдарында иштеп баштаган. Аталган жылы Нарын облустук сотуна судья болуп шайланып, Тянь-Шань райондук сотунда төрага болуп эмгектенген. 1976-жылы Нарын шаардык сотунун төрагасы болгон. Бул кызматта 1980-жылга чейин иштеп, 1982-жылга чейин Талас облустук аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

1982-1987-жылдары Жогорку соттун төрагасынын орун басары болсо, 2009-жылга чейин өлкөнүн жогорку сот органдарында судья болуп иштеди. Акылбек Маткеримов сот системасында 38 жыл эмгектенди. Ал ар кандай мамлекеттик сыйлыктар, ардак грамоталар менен сыйланган.