Быйылкы парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштеринин өзгөчөлүгү, шайлоо кампаниясы учурунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар кандай массалык концерттер жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп  келген.

«Тыюу салуу бир катар депутаттардын демилгеси менен жарандардын эркине финансылык фактордун таасирин азайтуу максатын көздөйт. Массалык иш-чаралар үгүт кампаниянын бир бөлүгү болуп калды, бирок жарандардын партиялар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жардам берген жок, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Бул жарандардын эркине  терс таасирин тийгизди ”, — деп кошумчалады ал.