Бүгүнкү күндө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картөшкө жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздайт.«Республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо импорттун эсебинен нан азыктары – 101,5 пайызды, картөшкө – 105,8 пайызды, сүт – 133,2 пайызды, эт – 61,6 пайызды, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү – 92,9 пайызды, мөмө-жемиш – 27,1 пайызды, үй канаттуулар жумурткасы – 78,8 пайызды, кумшекер – 86,8 пайызды түзөт», деди ал.