Акыркы аптанын ичинде оорунун басаңдаганы байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

«Баары оңолду деп айтканга эрте. Аймактардагы эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Жалал-Абад облусу, Ош шаары, Ысык-Көл облусунда дагы деле абал оор бойдон турат. Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилинин келиши менен эс алуучулар көбөйдү. Ички эс алуучулардын саны да көбөйдү. Бул адамдар Ысык-Көлдө жүргөндө катталууда. Аймактардагы эпидемиологиялык абалдын курчушун алдын алуу боюнча өкмөт катуу жумушту алып барып жатат. Стационарларды ачып, жабдыктар менен жабдуу жана башка иши жүргүзүлүүдө», — деди ал.