Бүгүн, 28-июлда Ак-Талаа районуна Нарын облусунун медицина тармагына методикалык көмөк көрсөтүү үчүн Россия Федерациясынын Башкырия Республикасынан келген дарыгерлер тобу келди. Бул топ Премьер-министр Кубатбек Бороновдун республикалык штабда берген тапшырмасы менен жиберилди. Жогорку даярдыктагы 8 дарыгерден турган топ бүгүн ишке киришти.

Алардын арасында реаниматолог, инфекционист, педиатр, хирург, уролог, эпидемиолог, медбрат дарыгерлери бар. Келген дарыгерлер 2 күндүн ичинде райондогу ооруканада дарылоо схемасы боюнча биздин дарыгерлер менен тажрыйба алмашып, методикалык көмөк көрсөтүшмөкчү.Дарыгерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жылуу кабыл алынып, район борборундагы мейманканага жайгаштырылды.

Аталган топтун 2 өкүлү кечээ район аймагына келип, ооруканадагы алгоритмге ылайык түзүлгөн шарттар жана бейтаптарды дарылоо схемасы менен таанышып кеткен. Бүгүн Россия Федерациясынан келген дарыгерлер тобунун жетекчиси Ильнур Юнусов алгачкы байкоолор боюнча Ак-Талаа районунда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, уюштуруу иштери жакшы колго алынып, дарыгерлер абалдан чыгуу боюнча жетишээрлик деңгээлде иш алып жатышканын белгиледи.

2 күндүн ичинде ооруканадагы кызыл зонада бейтаптарды дарылоо процесси менен таанышып, медицина кызматкерлерге дарылоо схемасын сунуш кылышаарын айтты.