Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктаган 20 жаштагы жаран күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Ноокен райондук соту 16-июнда чыгарган. Анда айыпталуучу А.А.нын жактоочусу бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек.

Буга чейин Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган.