Портленддеги кезектеги башаламандыктардын жүрүшүндө 70тен ашуун адам камакка алынды. Бул тууралуу АКШ Юстиция министрлигинин өкүлү Керри Кьюпек билдирген. Кьюпектин айтуусу боюнча бүтүндөй өлкө боюнча бардыгы болуп камакка алынган 238 адамга кине коюлууда.

Миннеаполис шаарында айтылуу Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөнүнөн кийин башталган башаламандыктар Портлендде эки айдан бери басылбай келет. Мунун натыйжасында көптөгөн адамдар менен бирге өкмөттүк имараттар жабыркап, өлкөгө өтө чоң материалдык зыян жаралууда.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 27-июль күнү өкмөттүк имараттарга зыян келтиришкендерди жок эле дегенде 10 жылга түрмөгө отургузаары тууралуу жар салып, бул багытта кабыл алынган Мыйзамга кол койгон.