Айылдагы үлгүлүү үй- бүлөлөрдөн элек,кокусунан көз тийгендей баары чачырап,  түш сыяктуу эле болду. Мен жаш кезимде ата-энем кудалап келгендерге макул болуп беришти. Ал кезде 85-жылдар эле.  Турмушка жаш чыктым. Бирок жолдошум айылдагы билим алган көзгө көрүнгөн адам эле.  Жаш болуп мамлекеттик кызматта иштеп эл оозуна алына баштады.   

Жылдар өтүп,6 баланын ата-энеси аталдык. Жолдошум кызматынан көтөрүлүп, балдар чоңоюп  баягыдай эл оозунан түшпөй бардар жашоо уланып, жай турмуш өтө берди. Эң улуу уулубуз мектепти аяктап окууга  тапшырды.  Аны үйлөйбүз деп даярдык көрө баштадык. Келиндер баары чогулуп, төшөк тигип, үй жыйнап башкарманын аялы дешип, оой жеңе кымбат буюмдарыңыз көп экен дешип шаңкылдашып бака-шака болуп корообуз күлкүгө толуп турду. Менден өткөн бактылуу адам жок.  Кимдин кызын алсак деп ылайыктуу жер караштырып жаттык.  Айылда бакылдаган эч нерседен кайтпаган, баарын бетке айткан Фатима деген келин бар, жашы 40 та.

-Сенде ушунча байлык болсо күндөшүңдө канча болду экен,- деп калды.

-Жөн турчу кайдагыны айтпай, акеңде жалгыз мен анан алты баласы,-дедим.

Ары жакта отурган Сыргаш апа :

-Алда байкушум ай, алты баланы айланчыктап, үйдөн чыкпаса эч нерсе билбейт да, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак да оозуңду бассаң,-деп Фатимага олурая карады.

Эч нерсе түшүнбөй кала  бердим. Көрсө мен Фрунзеге окууга барам деп жүргөн кезде эле бирөөнү алып андан бир балалуу болуп экинчи аял алганга да жетишкен экен  башкарма жолдошум. Өзүмдү-өзүм тилдеп жөнөкөйлүгүмө ишенчээктигиме жиним келди.  Үй жумушун, малды , балдарды баарын карап, үйдө аял, эшикте эркектин ишин кылып, тытынып жүрсөм, ал башканы жандап жүргөн экен. Мен аны түнү-күнү эл үчүн жүрөт деп ойлопмун. Ошол күндөн тартып баары ойрон болду. Баягыдай жашоого кызыгуу жок. Балдарым үчүн гана жашап калдым.

Ортончу уулум чет өлкөгө окууга өтүп ал чет өлкөгө кетти. Улуубузду үйлөгөн күнү күндөшүм келди. Апалардын айтуусу менен алгач жолукканда бутунун учунан катуу бастым. Учурушканда күндөшүнүн бутунун бармагын катуу басса кызганыч анча болбойт имиш.

 Күндөр өтүп неберелүү болдук. Аларга алаксыйм, экинчи баламды үйлөнтүк,жашоо баягыдай эле бирок мага бир нерсе жетишпейт, билбейм эмне.

Жолдошум токол алганы менен терс басканын койбоду. Кокустук болуп улуу балам эки балалуу болгондо кырсыктап 30 жашында каза болуп калды. Мына саяк жүргөндүн таягы эми башыбызга тийди. Өкүрүп бакырып бетимди тыткан менен баламды артка тирилтип албадым. Атасыз калган эки неберемди кучактап ыйлайм.  Жолдошума жек көрүп баарын айттым, сенин айыңдан баладан айрылдым, неберелерим атасыз калды деп. Өз башыңа көрүнбөйт  беле, күнөөсүз балдарда эмне айып. Азыр мен күйүп-күйүп күйүттө жашап келем.  Унчукпайт башын жерге салат. Ошону айткан экен да кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат деп.  Байкушум келиниме боорум ачыйт. Болгону 26 да. Кетейин десе эки баласы жаш. Балдарды алып калып, келиниме бата берип, багың ачылсын башка менен баш кош дейин десем, эки баланын убалына каламбы апасынан айрып деп көп ойлончу болдум. Канатыма калкалап, өзүмө тартсам да балам жок келиним жалгызсырап калды. Тагдыр деги баарынын эле телегейин тегиз кыла бербейт экен. Убакыт өтсө баары өз ордуна келээр деп, келечекке үмүт артып турам…