Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары пандемия учурунда шаардыктарга алгачкы медициналык жардам кѳрсѳтүүнү улантууда.

Ѳткѳн суткада күндүзгү стационарлар 1 миң 998 адамды кабыл алды. Анын ичинен 1 миң 320 адам дарыгердин кѳрсѳтмѳсү боюнча инфузиялык терапия, 663 адам медициналык кеңеш алып, 15 адам ооруканага жаткырылды. 27-июлдан 28-июлга караган түнү түнкү стационарларга 308 адам кайрылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бактыга жараша каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ковид-19 дарылоо алгоритми менен иштеп жатышат.

28-июлга карата күндүзгү стационарлар 74 миң 2 адамды кабыл алды. Биринчи май району (24.441 адам), Ленин району (20.389), Октябрь району (15.156), Свердлов району (14.016).

Түнкү стационарлар 6 миң 952 адамды кабыл алды.

Бүгүнкү күндѳ стационарларда борбордун үйбүлѳлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Күндүзгү стационарларда 225 жана түнкү стационарларда 50 медицина кызматкери иштейт.

Медиктер пульмонолог, инфекционист жана клиникалык фармакологдор менен биргеликте ковид-19 дарылоо алгоритми боюнча дайыма тренингдерден ѳтүүдѳ.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө камкөрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.