Жон Хопкинс университетинин билдирүүсүнө ылайык жаңы түрдөгү коронавирустун курмандыктары дүйнө жүзү боюнча 700 миңге жакындады.

ДССУ тараткан акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзү боюнча бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 16 341 920 учурду, ал эми каза болгондордун жалпы саны 650 805 миңди түздү.

Белгилей кетсек, Covid-19 илдетинен өзгөчө көп жабыркаган өлкө бул – Америка жана анда жалпы жолунан 4 498 323 учур катталса, оорудан каза болгондордун саны 152 319 адамга жеткен.